Пятница, 10 мая

Ата-энесин багуудан баш тарткандарды эркинен ажыратуу сунушталууда

0

Кечээ, 26-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин отурумунда улгайган ата-энесин багуудан качкан адамдардын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов.

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта болуусун чектөө болуп саналат.

Ата-энесин багуудан баш тарткан балдарга 50 миңден 100 миң сомго чейинки айып пул салуу же 1-2 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева айрым диспозицияларды өзгөртүү керектигин белгилеп, улгайган ата-энесин кароосуз калтырган адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча катталган иштер жок экенин кошумчалады. Депутат Гуля Кожокулова иши жок улгайган адамдар балдарынын каркордугусуз калбайт дегенди билдирбейт деп белгиледи.

Мыйзам долбоору айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талап кылат: “КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Үй-бүлө кодексине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдак кызмат жөнүндө” КР мыйзамына.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз