Четверг, 2 мая

Жарандык алгандар беш жыл мамкызматта иштей албайт

0

Кыргызстандын жарандыгын биринчи жолу алган чет өлкөлүктөргө жарандыкты алган күндөн тартып беш жыл аралыгында мамлекеттик кызматты ээлөөгө тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутат Айбек Осмонов сунуштады.

Анын айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттин кызыкчылыгын жана улуттук коопсуздукту коргоо максатында иштелип чыккан.

«Бир адам Казакстандан же Россиядан келип, Кыргызстандын жарандыгын алды дейли. Мыйзамга ылайык, бир жылдан кийин чет өлкөлүк диплом менен прокуратурага же Ички иштер министрлигине жумушка орношууга укугу бар. Ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына да талапкер боло алат. Алар аткаруу же мыйзам чыгаруу органдарына жумушка орношпошу керек деп айтып жатам. Алар Кыргызстанда кеминде беш жыл жашап, андан кийин гана аталган кызматтарга орношушу керек», — деди Айбек Осмонов.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган адамдарга Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган жана башка мамлекеттин жарандыгынан чыккан учурдан тартып беш жылдын ичинде президенттин, депутаттын, судьянын, укук коргоо органдарынын кызматкеринин, коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин, мамлекеттик бийлик органдарында жетекчи кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу сунушталууда.

Талкууда Дастан Жумабеков мыйзам долбоорунан президенттин кызмат ордун алып салууну сунуштады, анткени мыйзамга ылайык, мамлекет башчы болуп республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган жаран шайлана алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз