Суббота, 4 мая

2022-жылы “Кумтөрдөн” өндүрүлгөн алтындын көлөмү айтылды

0

Былтыр Кумтөрдөн 17 тонна 303 килограмм алтын казылып, анын дээрлик баары сатылды. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.

Жалпы 15,9 тонна казуу планы коюлганы айтылды.

Маалыматка ылайык, ири алтын кенден өткөн жылы 27 миллиард 959,4 миллион сом салык түшкөн, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,7 пайызга көп. Мындан «Кумтөр голд компани» ишканасы социалдык, айлана-чөйрөнү булгоо, суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү аткарганы айтылды. Ысык-Көл, Нарын облусун өнүктүрүү фонддору сыяктуу уюмдар үчүн да милдеттемелер аткарылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз