Воскресенье, 28 апреля

Бишкекте тез татымдан уулангандардын саны өсүүдө

0

Бишкекте тез татымдан шаурма жеп уулангандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, жалпы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооурканасына кайралгандардын саны 43 адамды түзүп, анын ичинен 23ү жаткырылды, анын экөөсү — балдар.

Белгиленгендей, жабыокагандардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

«Алардын бары зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз болушту. 20 адам медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 1-октябрда Бишкектин Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш Лаваш» жана «Мидос» тез татымдарынан шаурма жегендер массалык түрдө ууланганы тууралуу маалымат тараган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз