Суббота, 27 апреля

ӨКМ: Эртең борбор калаада сиреналар жаңырат

0

Эртең, 3-октябрда саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондордун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, алардын иштеши текшерилет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара 5-октябрь — «Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу күнүнүн» алкагында өткөрүлүүдө.

«Анын негизги максаты сиреналарды күйгүзүп, алардын иштешин текшерүү. Тургундардан дүрбөлөңгө түшпөй, тынчтыкты сактоону суранабыз. Анткени бул жөн гана сиреналардын иштешин текшерүү үчүн гана көрүлгөн чара болот. Эч кандай эвакуация болбойт», — деп эскертти ал.

Асанов кошумчалагандай, ага бардык министрликтер жана тиешелүү ведомстволор, ошондой эле башкаруу органдары жана бийлик органдары тартылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз