Суббота, 11 мая

Орусия Армениядан кол жууйбу?

0

Карабакты алдырып жиберген армяндар Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен (КМШ) чыгууга даярдык көрө баштады.

Мурдараак Армениянын премьери Никол Пашинян «өлкө коопсуздугу, курал-жарак жана ок-дары алуу 99,99% Орусияга байланганы стратегиялык ката» болгонун айтса, өлкөдөгү айрым коомдук жана саясий күчтөр жамааттык коопсуздук келишим уюмунан,  Евразия экономикалык биримдигинен жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен чыгууну талап кылууда.

Кечээ Ереванда Көз карандысыздык форуму өткөрүлүп, жыйында армян бийлигинин Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутун ратификациялоого болгон даярдыгын кубаттап, аны токтоосуз ишке ашыруу керек экени айтылды.

Форумда Армениянын бийлигин Орусия башында турган бардык уюмдардан чыгып, эки өлкө ортосундагы аскердик, экономикалык келишимдердин баарын үзүп, орус мамлекеттик телеканалдарын көрсөтүүнү токтотууга чакырышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз