Понедельник, 20 мая

Черногорияда эң жалкоо адамга акчалай сыйлык берилет

0

Балкан өлкөсү Черногорияда салтка айланган «эң узак жатуу» мелдеши 46 күндөн бери уланууда.

18-августта Никшич шаарына жакын Брезна этно айылында 21 катышуучу менен башталган мелдеште ушул убакка чейин жаткан 3 адам 1000 евро сыйлык жана «эң жалкоо атуул» наамын алуу үчүн жарышууда.

Быйыл 12-ирет өткөрүлгөн кызыктуу мелдеште кечээ 46-күнгө кирген атаандаштар 1080 саатты артка калтырышты.

Мелдештин эрежелерине ылайык, катышуучуларга уктап, тамак-аш, суусундукка болгон муктаждыктарын канааттандырып, китеп окууга жана телефон колдонууга уруксат берилсе, туруу эрежени бузуу болуп эсептелет.

Атаандаштар ар бир 8 саат сайын жеке муктаждыктарын канааттандыра алышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз