Понедельник, 25 ноября

Министрлик Кыргызстанда орус тилдүү 9 мектеп курууну пландоодо

0

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоордук блогунун аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Андрей Широков жана Фонддун Кыргызстандагы өкүлү Кубат Мурзаев менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, тараптар Кыргызстанда орус тилдүү жалпы билим берүүчү 9 мектептин курулушу жана Техникалык тапшырмаларды даярдоо маселесин талкуулады.

Догдуркүл Кендирбаева мектепке чейинки билим берүүчү 3 сааттык программалар кошо камтылган «3 \ 1» форматындагы моделдик мектептерди түзүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал РФ Агартуу министрлиги менен биргеликте окутуу технологиясын, санариптик класстарды ачуу жана аталган мектептердин келечектеги ишмердүүлүгү маселесин карап чыгуу зарыл экендигин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз