Испаниянын Гранада шаарында өткөрүлгөн Европа саясий шериктештигинин 3-жыйынына катышкан Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын кол салууларына каршы абадан коргонуу системалары боюнча жардам талабын кайталады.
Зеленский Гранададагы АСТ жыйындар залынын кире беришинде журналисттерге кыскача маалымат берип : «Бизди абдан оор кыш күтүп турат. Кыш бою Россия тараптан көптөгөн чабуулдарга дуушар болобуз. Россия Европа континентине коркунуч жаратат. Ошондуктан бизге мүмкүн болушунча көп абадан коргонуу системалары жана ракеталар керек», — деди.
Украинанын президенти өзгөчө АКШнын ички саясатында болуп жаткан абалдар тууралуу берилген суроого да : «АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуумда да бизди 100 пайыз колдогондугун айткан. АКШда Конгресстин эки тарабы да бизди колдойт. Бирок шайлоо мезгилдеринин ар дайым баш аламан экендигин билемин»,- деп жооп берди.
Бир тараптан АСТ жыйынын өткөргөн Испаниянын премьер-министри Педро Санчез да бүгүнкү жыйындарда Украинага колдоо жана биримдик билдирүүлөрүн берүүнү улантышарын, Зеленский менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөрүн айтты.
Гранадада бир күнгө созула турган АСТ жыйынына Европа Биримдигинин 27 мүчөсү менен Европанын 17 өлкөсүнүн лидери катышууда.