Египетте израилдик туристтик топко кол салуу болуп үч киши набыт болду.
Израилдин Тышкы иштер министрлиги Египеттин Александрия шаарындагы куралдуу кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.
Билдирүүдө египеттик тарабынан ок атуунун натыйжасында 2 израилдик турист жана египеттик гид каза болуп, бир израилдик жаран жараланганы белгиленди.
Израиль жарандарын тез арада өлкөгө алып кетүү үчүн Египет бийлиги менен байланышта экени белгиленди.
Айрым массалык маалымат каражаттары кол салган адамдын полиция кызматкери экенин жазып чыкты. Азырынча бул маалымат расмий түрдө тактала элек.