Биринчи май райондук соту Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Россиянын элчилигинин имараттарынын жанында, «Ала-Тоо» аянтында, президенттин администрациясынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында тынч чогулуштарды жана митингдерди өткөрүүнү чектөө боюнча Биринчи май райондук администрациясынын чечимин күчүндө калтырды.
Бул чектөөлөр 2023-жылдын 1-октябрынан 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Эми бардык чогулуштар, митингдер Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы скверде өткөрүлөт.