Канада үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Түштүк Америка өлкөлөрү Колумбия, Гаити жана Венесуэладан 15 миң мигрантты кабыл ала турганын жарыялады.
Канаданын жарандык жана миграция министри Марк Миллер билдирүүсүндө, Колумбия, Гаити жана Венесуэладан кабыл алынуучу 11 миң мигрант үчүн Канадада тууганы бар болушу шарты коюлганын, 4 миң кишинин да жөндөм баалоосунан кийин кабыл алынаарын айтты.
Бул өлкөлөрдөн квалификациялуу миграция статусунда арыздары кабыл алынган адамдардын «Экономикалык мобилдүүлүк жолдору» пилоттук долбоорунун алкагында жумушка орношуу жөндөмү бааланаарын белгилеген Миллер, кабыл алынгандардын өлкөдөгү коомулукка көнүүлөрү үчүн ар түрдүү иш-чараларга жөнөтүлөрүн билдирди.
Миллердин айтымында, күздөн тарта Кариб, Борбордук жана Түштүк Америкада жашаган Колумбия, Гаити жана Венесуэланын жарандары Канадада жашоо үчүн кайрыла алышат.
Билдирүүдө, туугандык статусу катары кабыл алынуучу мигранттардын Канаданын учурдагы жаранынын же туруктуу жашоочусунун баласы, небереси, жубайы, ата-энеси же бир тууганы болушу керектиги баса белгиленди.