Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Орусия президенти Владимир Путинди “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.
Расмий сапарынын алкагында Орусия Федерациясынын президенти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өтө турган, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышат.