Четверг, 28 ноября

Түркия туруктуу туризм боюнча алдыга чыкты

0

Түркия буга чейин жапжашыл карагай жана өзгөчө токойлору, майда кумдуу пляждары, тунук бирюза деңиздери менен тарыхый мурастарга ээ болуп келген. Ошентсе да, Улуттук Туруктуу Туризм Программасын кошуу менен, Туркия зыяратчылардын эс алуу жерлеринин алдынкы катарынан орун алды десек да болот. Экологиялык жана маданий байлыктарга ээ болгон Түркия туруктуулук принциптерин так карманган жана көптөгөн экотуризм мүмкүнчүлүктөрүн сунуштап, колдоого алып жатканы менен өзгөчөлөнөт. 30-сентябрга карата Түркияда, сертификатталган турак жай объектилеринин саны, Анталия, Стамбул жана Мугла облустарында 6156га жетти.  Туруктуулукту тастыктаган объектилердин саны тездик менен өсүп жаткандыктан, түрк туризминде экологиялык жактан долбоорлонгон түзүмдөрдү жана туруктуу практикаларды колдонуу менен көмүртек изин азайтуу боюнча жалпы аракеттер да көбөйүүдө. Бул демилге жалпы өлкө боюнча конокторго маңыздуу жана эсте каларлык эс алууну камсыз кылуу менен бирге жергиликтүү маданияттын өнүгүүсүн жана экономиканын өсүүсүн камсыздайт.

Түркия Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши менен кызматташуу боюнча Протоколго кол койгон дүйнөдөгү алгачкы өлкө болду

Туризм тармагында туруктуу трансформацияга жетишүү үчүн Түркия өткөн жылы саякат жана туризм боюнча дүйнөлүк стандарттарды түзгөн жана башкарган Глобалдык Туруктуу Туризм Кеңеши (GSTC) менен улуттук программаны иштеп чыгуу боюнча кызматташтык келишимине кол койгон. Мындан тышкары, Түркия бул келишимге өкмөттүк деңгээлде кол койгон «дүйнөдөгү биринчи өлкө». Туризм тармагын кайра куруу боюнча үч жылдык планына ылайык, Түркия Улуттук Туруктуу Туризм Программасын да иштеп чыкты. Туруктуу туризм программасынын негизги максаты — жайгаштыруу объектилердин дүйнөлүк кабыл алынган критерийлерден турган Туруктуу Туризм сертификатын алуусун камсыз кылуу. Бул процесстин жүрүшүндө турак жай объекттери жыл сайын кайталанып турган сертификациялоо үчүн көз карандысыз баалоодон өткөрүлөт. Натыйжалуу туруктуулукту пландаштыруу аркылуу текшерүү/сертификаттоо ошондой эле объекттерге туруктуулук аракеттерин үзгүлтүксүз жакшыртууга мүмкүндүк берет. Мындай аракеттер аркылуу Түркияда туруктуулук боюнча тастыкталган/сертификатталган объектилердин саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Түркиянын Улуттук Туруктуу Туризм программасына ылайык, 2030-жылга чейин бардык объектилерде «Туруктуу туризм сертификаты» болушу керек.

Жооптуу меймандостук…

Түркиянын Улуттук Туруктуу Туризм программасы маданий мурастарды коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү, экосистемаларды, табигый кооздуктарды сактоо менен бирге жергиликтүү калк үчүн социалдык, экономикалык пайданы максималдуу түрдө көбөйтүүнү максат кылат. Мындан тышкары, Программа булганууну азайтууга жана ресурстарды үнөмдөөгө, туризмдин бардык аспектиде экологиялык жактан таза болушун камсыз кылууга багытталган.

Түркияда турак жайларды баалоо төрт негизги категория боюнча жүргүзүлөт: “Туруктуу башкаруу”, “Маданий таасирлер”, “Социалдык-экономикалык таасирлер” жана “Айлана-чөйрөгө таасирлер”. Туруктуулук сертификатын алуу үчүн объекттин биринчи кадамы натыйжалуу туруктуу башкарууну көрсөтүү болуп саналат. Текшерүү/сертификаттоо үчүн көптөгөн  кадамдар талап кылынат, анын ичинде туруктуулук саясатын жана иш пландарын иштеп чыгуу, так жылдырууларды түзүү жана үзгүлтүксүз отчеттуулук аркылуу кызыкдар тараптарга иштин натыйжаларын жеткирүү. Мындан тышкары, туруктуулукка байланыштуу тренингдерди уюштуруу үчүн объектилер талап кылынат. Ошол эле учурда, турак жай объектилери алардын маданий жана социалдык-экономикалык таасирине карата бааланат. Турак жайлар маданий мурастарды коргоп, конокторго жергиликтүү маданият менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет, мындан тышкары жергиликтүү жумуш менен камсыз кылуу, жергиликтүү сатып алууну илгерилетүү жана жергиликтүү ишкерлерди колдоо  аркылуу аймактын экономикасынын гүлдөп-өнүгүүсүнө салым кошору талашсыз.  Бул чаралар объекттердин айлана-чөйрөгө тийгизген пайдасын максималдуу түрдө көбөйтүүгө, ал эми терс таасирлерди минималдаштырууга багытталган. Ар бир объект бир нече талаптарга жооп бериши керек мисалы, жергиликтүү жана адилеттүү соода берүүчүлөргө артыкчылык берүү, сууну жана энергияны керектөөнү минималдаштыруу, катуу калдыктарды башкаруу, кайра иштетүү практикасын ишке ашыруу, биологиялык ар түрдүүлүк менен ландшафтты коргоо чараларын ишке ашыруу зарыл.

Түркиянын Улуттук Туризм программасы тууралуу көбүрөөк маалымат алуу үчүн: www.goturkiye.com

Turuktuu-Turizm

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз