Орусия Борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүү каралган БУУнун формуласын ишке ашырууну жактайт. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Бишкектеги КМШ өлкө президенттеринин саммитинде билдирди.
Анын айтымында, Орусия мамиле түзүүгө ынтызар болгон өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр. Орусия Палестина-Израиль чатагын чечүүнүн сүйлөшүү жолунан башка ыкмасы жок деген позицияны карманат.
«Башкы максат борбору Чыгыш Иерусалимде жайгашкан көз карандысыз Палестина мамлекетин түзүүнү камтыган формуланы ишке ашыруу болушу керек. Ал болуп көрбөгөндөй соккуга кабылып, мындан улам коргонууга аргасыз болгон Израиль менен тынчтыкта жашашы зарыл», — деген Путин.