Афганистандын Хомри шаарындагы мечитте жума намазы учурунда жасалган кол салууда каза болгондор жана жарадар болгондордун бар экендиги белгиленди.
Баглан провинциясынын Пол-е-Хомри шаарындагы мечитте жума намазы учурунда бомбалуу кол салуу болду.
Баглан маалымат жана маданият департаментинин директору Мустафа Хашими: «Имам Заман мечитинде жардыруу болуп, каза болгондор жана жарадарлар бар»,- деди.
Хашеми каза болгондордун жана жарадар болгондордун так санын айткан жок.
Азырынча кол салуунун жоопкерчилигин эч ким моюнга ала элек.