Вторник, 26 ноября

Израилдин бийлиги менен армиясынын ортосунда кризис пайда болду

0

Израилде өкмөт менен армиянын ортосундагы кризис жөнүндөгү кабарлар өлкөнүн басма сөзүндө кеңири орун алууда.

Израилдин «Yediot Ahronot» гезити премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен армиянын ортосунда ишеним кризиси болуп жатканын жазды.

Гезит Нетаньяхунун, 7-октябрда Кассам бригадалары жүргүзгөн операция үчүн жоопкерчиликти мойнуна албаганын, тескерисинче армияны күнөөлөгөнүн жана ушул себептен командирлерге ачууланганын белгиледи.

Кабарга караганда, Нетаньяху, Израилдин коргоо министри Йоав Галлант жана армиянын ортосунда Газага кургактык операциясынын убактысына байланыштуу талаш-тартыш уланып жатат.

Галланттын жана армия жетекчилеринин кеңештерине карабастан Нетаньяхунун Ливан чек арасында кургактыктан операция жүргүзүүнү каалабаганы айтылды.

Гезит коомчулукта биримдик бар экенин, бирок бийлик менен армиянын башкаруусунда абал башкача болгондуктан чечим чыгарууда кыйынчылык жаралганын жазып чыкты.

Израилдин таасирдүү гезиттеринин бири Haaretz да өз талдоосунда Нетаньяхунун армияга каршы далилдерди чогултканын билдирген.

Мурда Haaretz гезити премьер-министр Нетаньяхунун ХАМАС операциясынын ийгиликсиздигин армияга жүктөөгө даярданып жатканын жүйө келтирген эле.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз