Вторник, 26 ноября

Бишкек-Ош жолунда чектөө бар

0

Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилип, Төө-Ашуу ашуусунда жолду кардан тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тазалоо иштери №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.

«Тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Бишкек — Ош унаа жолунун 81 чакырымында (Төө-Ашуу, Сосновка) чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

«Кыргызавтожол» ишканасы жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз