Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашре аль-Кудра шаардагы ооруканаларда бардык генераторлордун 48 сааттын ичинде токтой тургандыгын билдирди.
Министрликтин басма сөз катчысы Ашре аль-Кудра Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Telegram эсебинен кыскача билдирүү жасап: «Газадагы ооруканаларда бардык генераторлордун токтошу үчүн 48 сааттан аз убакыт калды»,-деди.
Шаардагы саламаттык сактоо системасынын эң начар баскычында экенин белгилеген Кудра, Газага жардам жеткирүү механизминин абдан жай иштегенин жана мунун абалды өзгөртпөй тургандыгын айтты.
Бир тараптан аймактагы саламаттыкты сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда Индонезиядагы ооруканада күйүүчү май түгөнгөндүктөн электр жарыгы өчүрүлдү. Электр жарыгынын жоктугунан бейтаптар өлүм коркунучунда экендиги билдирилди.
Хамас кыймылы Индонезиядагы оорукананын күйүүчү майдын түгөнүп калышынан улам электр жарыгынын өчүрүлүшүн адамзатка каршы кылмыш деп жарыялады.
Хамас жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин Газага 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларынан улам электр үзгүлтүгүнө, баскынчылыктын агрессиясына жана кыргынга үнсүз калган жана катышкан өлкөлөрдүн чекесиндеги так деп мүнөздөдү.
Араб өлкөлөрүнө, ислам дүйнөсүнө жана Бириккен Улуттар Уюмуна күйүүчү май жеткирүү үчүн чакыруу салган Хамас, жеткирүүдө боло турган кандайдыр бир шалаакылыктын ооруканаларда бейтаптардын жана жаралуулардын өлүмүнө себеп болорун белгиледи.
Шифа ооруканасынын директору Мухаммед Абу Силмийе Аль — Жазирага берген маалыматында, Газага күйүүчү май агымы болбосо, чоң кырсык болоорун айтты.