Понедельник, 25 ноября

Хизбулла, Хамас жана Ислам Жихады күчүн бириктиреби?

0

Хизбулланын баш катчысы Хасан Насралла 7-октябрдан бери биринчи жолу Хамас жана Ислам Жихадынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолугушту.

8-октябрдан бери Израиль армиясы менен согушуп жаткан Ливандагы «Хизбулланын» баш катчысы Насралла Палестинанын Ислам жихады кыймылынын баш катчысы Зияд ан-Наххали жана Хамастын саясий бюросунун жетекчисинин орун басары Салих ал-Арури менен жолугушту.

Хизбулланын расмий Telegram баракчасынан жасалган билдирүүдө, үч тараптуу жолугушууда Газадагы акыркы абалдар, өзгөчө Хамастын Израилге карай баштаган «Акса топону» кол салуусу жана Ливан-Израиль чек арасындагы кагылышуулардын сүйлөшүлгөнү кабарланды.

Билдирүүдө «Израилдин Газа жана Палестинага ырайымсыз кол салуусунун токтотулушу үчүн бул орчундуу процессте чыныгы жеңишке жетүү үчүн каршылык фронтунун эмне кылышы керектиги бааланды», — деп айтылды.

Билдирүүдө ошондой эле жолугушууда күн сайын болуп жаткан окуяларды байкоого жана тынымсыз координацияны сактоого басым жасалганы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз