Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-октябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй менен Ысык-Көл облустарында +10…+15, Талас облусунда +9…+14, Ош, Жалал-Абад облустарында +15…+20, Баткен облусунда +14…+19, Нарында +11…+16 градус жылуу болот. Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, абанын температурасы борбор шаарда +13…+15, Ошто +18…+20 градуска жетет.