Пятница, 22 ноября

Палестинанын жетекчиси араб мамлекеттердин лидерлерин чукул жыйынга чакырды

0

Палестина администрациясынын башчысы Махмуд Аббас Газа секторунун жашоочуларына жасалып жаткан израилдик агрессияны токтотуу үчүн араб мамлекеттеринин лидерлерин чукул саммитке чогулууга чакырды. Бул тууралуу Палестинаны бошотуу кыймылынын аткаруучу комитетинин Рамаллада өткөн жыйынынан кийин WAFA маалымат агенттиги билдиргенин РИА Новости жазды.

“Президент Аббас араб өлкөлөрүнүн лидерлерин палестин элине каршы жасалып жаткан аёосуз агрессияны токтотуп, регионалдык жана эл аралык көйгөйлөрдү чечип, ошондой эле Иерусалимде жайгашкан борбор калаасы менен палестиналыктардын өз эли-жеринде күн кечирүүсүнө аракет кылуу үчүн чукул жыйынга чогултуу ниетинде”, — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз