Түркияда 29-октябрь Республика майрамы белгиленүүдө. Түркия мамлекети 100 жашка чыкты. Түрк мамлекети менен бирге түрк эли да бул бир кылымдык убакытта көп сыноолордун башынан өткөрдү. Бирок түрктөр бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө жетишти.
Эми Түркия өнүгүүсүнүн жаңы этабын баштап жатат. “Түрк кылымы” деп аталган алдыдагы 100 жылда Түркия дүйнөдөгү өнүккөн алдыңкы мамлекет болууну көздөөдө.
Түркия Республикасынын президентинин байланыш директору Фахреттин Алтун буга байланыштуу билдирүү таратып мындай деди:
“Бизди бүгүнкү күндө өзүбүздүн маданий мурастарыбыз, географиялык байлыктарыбыз жана баалуулуктарыбыз бириктирип турат. Республикабыздын өтмүштөн бүгүнкү күнгө чейинки куттуу сапарында бирге болдук. Ынтымак жана биримдик менен “Түрк кылымына” жол алып баратабыз”.