Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймактык кеңсесинин директору Ахмед аль-Манзари, Израилдин кол салуулары астындагы Газада «саламаттыкты сактоо кызматтарына жетүү жана татыктуу жашоо укугунун дээрлик мүмкүн эмес» экенин билдирди.
Манзари ДССУнун X социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүлөрү аркылуу Газадагы палестиналыктардын эң негизги адам укуктарынан ажыратылганына көңүл бурду.
Манзари: «Газа калкы акыркы кол салуулардан мурда саламаттык сактоо кызматтарына жетүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жаткан. Эми болсо медициналык тейлөө жана адамдын негизги укуктары болгон татыктуу жашоо укугу дээрлик мүмкүн эмес болуп калды»,-деди.
Газада коркунучтуу кризистин болуп жатканын жана жарандардын, саламаттыкты сактоо жана гуманитардык жардам кызматкерлери менен оорулуулардын чоң коркунучтарга кабылганын баса белгилеген Манзари, «Израиль-Палестина кагылышуу аймагынын» дүйнөдөгү эң чоң чукул гуманитардык кырдаалга туш болгонун кабарлады.
Директор Манзари, адамдарды башка жандыктардан айырмалоо үчүн киргизилген эл аралык гуманитардык укукту жана эрежелерди урматтап бул апаатты тез арада токтотуу керектигин айтты.
Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери уланып жаткан кол салууларында каза болгондордун саны көбү балдар жана аялдар 8 миңден ашты, 20 миңден ашуун киши да жараланды.