Суббота, 27 апреля

Гүленчилердин “Вефа” үчүн күрөшү

0

Бишкектеги «Вефа» соода борборуна байланышкан соттук териштирүү уланууда. Бишкек шаардык соту мындан беш ай мурда имарат түрк тарапка өтсүн деген чечим чыгарган.

Сот чечимине каршы «Аруу Жылдыз» компаниясы Жогорку Сотко даттанып, алгачкы отурум 23-октябрда болгон. «Аруу Жылдыз» компаниясынын адвокаттарынын өтүнүчү менен ишти кароо 2-ноябрга жылган.

Бул жолу Жогорку Сот кандай чечим кабыл алат белгисиз, бирок биз иштин чоо жайын окурмандарыбыздын эсине  дагы бир жолу салып коюуну туура көрдүк. Анда кеп башынан болсун.

Кыргызстанда Гүленге тиешелүү мектеп, окуу жайлар эле эмес жеке компаниялар, фирмалар да бар. Анын ичине Бишкектеги Байтик Баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Вефа” соода борбору дагы кирет. Ушул убакытка чейин кыргызстандыктар аталган соода үйүнө түшкөн каражат кимдин пайдасына иштеп жатканын билген эмес. Чындыгында, “Вефа” гүлендик кыймылды каржылап турган деген сөздөр соттук трибунадан да айтыла баштады. Кыргызстандагы гүленчилердин жемин жеген айрым массалык маалымат каражаттары, “Вефанын” тегерегинде күмөндүү жагдайлар менен толук таанышпастан туруп Кыргызстандагы түрк элчилигин жана түрк бийлигинин иш-аракеттерин жамандаган маалыматтарды жарыялап келишкен.

2004-жылы апрель айында КР Юстиция министрлигинде “Озгюн Иншаат Тахают ве Тижарет” акционердик коомунун филиалы каттоого алынган. 2 айдан кийин Бишкек мэриясынын чечими менен 5 370 кв.м аянтындагы жер участогу 49 жылга бизнес-борбор ачуу үчүн берилет. Алгач бизнес-борборун куруу башталып, акырындык менен соода борборуна айланып кеткен. 2006-жылы «Озгюн Иншаат Тахают ве Тижарет» акционердик коомунун Кыргызстандагы жана Тажикстандагы филиалдарынын генералдык директору болуп Хулуси Айверди даярдалган. «Озгюн Иншаат Тахают ве Тижарет» акционердик коому түрдүү тармактагы ишканалардын башын бириктирип турган соода-өндүрүштүк «Kaynak Holding»дин курамындагы акционердик коом болуп эсептелет.

2015-жылы 17-ноябрда түрк бийлиги соттун чечими менен “Озгюн Иншаат Тахают ве Тижарат” акционердик коомуна мамлекеттик башкаруу киргизген. Башкача айтканда “Озгюн Иншаат Тахают ве Тижарат” акционердик коому жүз пайыз Түркия мамлекетинин менчигине өткөн. Бул чечим түрк мыйзамдарынын талабы менен Түркия соода реестринин расмий басмасына да жарыяланган. Акционердик коом Түркия мамлекетине өткөндөн кийин, Алия Турумбекова түрк өкмөтүнүн чечими менен «Озгюн Иншаат Тахают ве Тижарет» АКнын мыйзамдуу өкүлү болуп дайындалган.

Бирок, Хулуси Айверди баш болгон Кыргызстандагы гүленчилер “Вефа” соода борборун алдырып жибербештин амалын издеп, эч кимге билдирбестен, расмий жарыялабай туруп “Вефа”ны сатыкка коюшкан да, өздөрүнүн тарапташтарына каттата салган. Башкача айтканда КРнын Юстиция министрлигинде “Аруу жылдыз” ЖЧКсы катары катталган фирмага алып-сатуу келишимин түзүп коюшкан. Кагаз жүзүндө соода борборго ээлик кылган  “Аруу жылдыз” ЖЧКсынын ээси Умсун Назарбекова болгону менен, иш жүзүндө баягы эле Хулуси Айверди жана анын гүленчи тарапташтары.

“Аруу жылдыз” ЖЧКсынын ээси Умсун Назарбекова деген ким? Умсун Назарбекова “Кыргызпатенттин” мурунку жетекчиси, ишкер Марат Назарбековдун апасы. Белгилүү эстрада жылдызы Анжелика экөөнүн ортосундагы жалындаган махабат баянынан улам да ысымы коомчулукка бир дүң болгон жайы бар Марат Назарбеков Кыргызстандагы гүленчилердин эң жакын тарапташы катары айтылып жүрөт. Себат мектебинин бүтүрүүчүсү, эмгек жолунда жогорку кызматтарды ээлеп, ээрден түшпөгөн Назарбеков учурда “Вефа”ны каалашынча калчап турган учуру.

Мына ушул жагдайлардан улам жаралган талаш маселенин аягы Жогорку Сотко барып жетти. Жөргөмүштүн желесиндей жайылган гүленчилердин терс иштеринин кесепеттерин эске алган башка өлкөлөр түрк бийлигинин чечимин эске алуу менен өлкөлөр аралык кызматташууну бекемдөө принцибин негиздеп, террористтик уюм катары таанылган ФЕТОнун канатын кыркуунун камын көрө баштаганда коррупциялашкан кыргыз аткаминерлери, соттор мыйзамсыз иш-аракеттерге барып жатканы таң калтырбай койбойт. Түркия Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекетке өткөрүлгөн “Вефа”нын, тагыраак айтканда «Озгюн Иншаат Тахают ве Тижарет» АКнын мыйзамдуу өкүлү Алия Турумбекова, Бишкек шаарынын район аралык сотунун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларынын көрсөтүлгөн фактыларды четке кагып, мыйзамсыз чечим чыгарышканына нааразы.

Алия Турумбекованын айтымында, бул жерде мамлекеттин каржы саясатын тескеген органдардын дагы кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Себеби, «Озгюн Иншаат Тахают ве Тижарет» АКсынын мурунку жетекчилиги ар кандай мыйзам бузууларга барган. Салык кызматынын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен макулдашууларга барып салыкты толук төлөшкөн эмес. Ошондой эле соода борборун кайра каттоодон өткөрүүдө Мамлекеттик каттоо кызматынын да мыйзам буузуулары катталган.

Азыр иш эң акыркы чегине жеткире турган чечимди күтүп турат. Жети өлчөп, бир кеспесе бул иштин артынан келчү кесепет Кыргызстанга пайда алып келбеси бештен белгилүү. Ансыз да анча ич жылытпаган кыргыз-түрк алакасын аласалдырып албайлы десек, эки элдин ынтымагын бекемдей турган мына ушундай талаштуу маселелерге так болушубуз абзел.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз