Четверг, 9 мая

ЮНИСЕФ Кыргызстанда ири изилдөө жүргүзүүдө

0

Кыргызстандагы балдар менен аялдардын абалы боюнча ири изилдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу UNICEF Kyrgyzstan`дан билдиришти.

Маалыматка ылайык, изилдөө аялдардын жана балдардын абалына тиешелүү болгон 185 көрсөткүчтү камтыйт, алардын ичинен 30 көрсөткүч Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрү болуп саналат. Сурамжылоого өлкө боюнча 7,2 миң кожолук камтылат.

Белгиленгендей, сурамжылоонун жыйынтыгы 2024-жылдын май айында чыгат.

Изилдөө БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ), БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА), АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана Швейцария өкмөтүнүн техникалык жана каржылык колдоосу менен жүргүзүлүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз