Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан алынганы белгилүү болду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 2022-жылы февралда дайындалган.
Кыргызстандын азыркы мыйзамдары боюнча, Бишкектин башчысын дайындоо жана кызматтан алуу укугу президентке тиешелүү.