Вторник, 14 мая

Абал курч. Өлкөдө кызамык оорусу жайылууда

0

Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык кырдаал татаалдашып, уюшкан топтордогу балдар ооруп жатышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, жыл башынан бери 3 289 адам кызамык оорусуна чалдыкса, алардын көбү 4 жашка чейинки балдар. Эң көп катталгандар Бишкек шаарында (989 адам), Ош шаарында (321 адам), Ош облусунда (683 адам), Чүйдө (515 адам) жана Жалал-Абадда (501 адам), Ысык-Көлдө — 68, Баткенде 94, Таласта 92, Нарында 26 учур катталган.

Жалпысынан кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылы башталгандан бери бул оору орто мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин окуучуларынын арасында, эмдөөдөн өтпөгөн балдардын арасында көп катталууда.

Кызамык оорусунун очогун чектөө үчүн уюшкан топтордо карантин жүргүзүлүүдө, анда билим берүү мекемелери инкубациялык мезгил аяктаганга чейин дистанттык окутууга убактылуу которулат. Бишкек шаарында 2 жеке менчик бала бакчада, бир жеке мектепте, Каракол шаарында 1 кызамык оорусу мамлекеттик бала бакчада катталган. Ал эми 30-октябрда Жалал-Абад шаарындагы эки орто мектептерде кызамык оорусу катталгандыктан карантинге жабылган. Эпидемияга жана эпизоотияга каршы атайын комиссиянын чечими менен окуу процесси убактылуу дистанциялык форматта өткөрүлөт. Бардык уюмдарга санитардык эрежелер даярдалып, жетекчилерге токтомдор менен протокол түзүлдү.

Ушуга байланыштуу кызамык жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясы 9 айдан 7 жашка чейинки балдар арасында уланууда, бул вирус эң активдүү тараган аймактарда Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында, ошондой эле Жалал-Абад облусунда кызамык оорунун көбөйүшүнө байланыштуу кызамык оорусуна каршы, уюшкан топтордогу балдарды кызамык менен кызылчага каршы вакцина менен кошумча эмдөө бардык курактагы байланыштагы адамдар 72 сааттын ичинде шашылыш түрдө эмделүүдө.

Инфекциянын таралышын токтотуу үчүн эмдөө менен камтуу 95% дан жогору болушу керек. Кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө кампаниясынын алкагында бүгүнкү күндө 450 миңден ашык бала алды, бул 76% түзөт.

«Урматтуу ата-энелер! Балдарды өз убагында эмдөө балдар топторундагы ооруларды алдын алууга жана чоң кишилерде инфекциянын коркунучун азайтууга жардам берет, алар үчүн татаалдашуу ыктымалдыгы алда канча жогору. Демек, бала кездеги пландуу эмдөө калктын башка катмарын кызамыктан коргоого жардам берет. Кызамык — коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктырууга мүмкүн эмес, оорунун татаалдашы өлүмгө алып келиши мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз