Четверг, 2 мая

Муфтият айга карабады

0

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы – Муфтият жыл сайын Улуу Рамазан айынын акыркы күндөрү түн жарымында атайын эң бийик делген Төө-Ашууга барып, тоонун чокусуна 5-6 илимпоз-аалымдар айдын бүтүшү менен жаңырышын көрүп, андан соң Орозо айтты белгилешчү. Ал эми азыркы илим менен техника дүркүрөп өнүккөн заманда эмнеге алар телескоп сыяктуу аппараттар менен эле айдын жаңырышын билип коюшпайт деген да сын-пикирлер айтылып келген. Бирок ошол эле Муфтият эч кайсы техниканын жетишкендиги айдын жаңырышын так айтып бере албастыгын жүйө келтирүү менен жооп беришчү.

Тилекке каршы быйыл Муфтият өзүнүн жогорудагы “салтынан” кайтып же дин аалымдары тоого чыгып отурбай эле Орозо айт 5-июнда боло тургандыгын бир жума мурда аныктап, жарыялап койду. Бул жагдай коомчулукта ар кандай талаш-тартыштарды жаратууда. Андыктан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушев орозо айтка байланыштуу талаштан улам элге кайрылуу жасады.

4-июнда таратылган видокайрылууда ал Сауд Арабиядан башка жерлерде айт бир күндө болорун да тастыктады.

Муфтий ал кайрылуусунда: “Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Жапония, Дагестан, Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу республикаларда 5-июнда айт майрамы белгиленет. 4-июнь орозонун акыркы күнү. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жоопкерчиликти мойнуна алат», — деп Кудай алдындагы жоопкерчиликти өз мойнуна алды.

Быйыл Орозо айы 6-майда башталган. Айдын чыгышына карап, Сауд Арабия, Орусия, Түркия өңдүү мамлекеттер айтты 4-июнда белгилешүүдө. Мындай айырмачылыктардан улам айрым  кыргызстандыктар орозосун ачып, айтты тосууга социалдык тармактар аркылуу чакырык таштап жиберишти.

Мындан тышкары быйыл айт намазына байланыштуу эрежелер да өзгөрүп, ал Бишкекте гана эски аянтта окулат. Ал эми өлкөбүздүн башка аймактарында мечиттерде гана окулат. Бирок Муфтият да, тиешелүү мамлекеттик органдар да бул өзгөрүүнүн себебин түшүндүрүшкөн жок.

Биз быйылкы Рамазан айындагы Орозо айттын тегерегиндеги талаштуу жагдайлар тууралуу айрым дин кызматкерлери менен коомдук ишмерлерге кайрылдык.

Канатбек Музахалилов, дин таануучу:

  • Чындыгында, өлкөдө «Орозо айтка» байланыштуу талаш пикир жаралып калды. Саудияда ай көрүнүп, бүгүн айтты майрамдайбыз деген пикирлер дагы басымдуулук кылып кетти. Бирок, мындай маселе — айдын чыгышына карап Рамазан айынын бүтүшүн аныктоо, башка өлкөлөргө караганда бир күн кеч же бир күн мурда айт күнүн белгилөө мурда дагы болуп келген. Муфтият жалпы Кыргызстандагы мусулмандарды жана ислам багытындагы бардык расмий иштеп жаткан диний объектилер менен жааматтардын ишин координациялоочу жана башкаруучу уюм болгондуктан, биз алардын чыгарган чечимдерине баш ийүүбүз зарыл. Өз кезегинде чечимди кабыл алган диний жетекчилер бардык мусулман уммасынын иш — аракетине, өзү чыгарган чечимдерине жооптуу.

Таалайбек Ылайтегин, коомдук ишмер:

  • Мага Арабиядан орозо бүттү дешкенинен ооз ачкам. Уулум болсо «Муфтиятка баш ийелик ата» деп кызым экөө бүгүн да кармап жатышат. Мен аларды кыстаган жокмун. Муфтиятта аалымдар бар да, ошондуктан алар көбүрөөк билет деп ойлойм. Бүгүн ооз ачып албаганда мен деле бүгүн кармамакмын.

 

Учурда Оман мамлекетинде жашап жаткан элдик Табып Хашим Зайналиев:

  • Биз кечинда таравих намаз окудук, азыр баары орозо кармады. Эртең эмне болоору тууралуу азырынча айтыла элек. Эгер Кыргызстандын Муфтияты Орозо айт деп 5-июнду белгилесе, анда туура деп эсептеймин жана жалпы мусулмандар ага баш ийишибиз керек.

 

Ал эми Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары төмөндөгүдөй пикирлерин жарыялашты:

Э. Досназаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз