Пятница, 17 мая

Фырат: Ороко элчиликтин кызматкерин алып чыгуу үчүн барганбыз

0

Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фырат Акипресс агенттигине 5-июнда жергиликтүү жашоочулардын ортосунда чыр-чатак чыккан Сокулук районунун Орок айылына эмне үчүн барганын айтты. Ал элчиликтин боюнда бар кызматкери конокто отурган үйдүн терезеси талкалангандыктан ыйлап телефон чалганын, мына ушул себептен окуя болгон жерге барууга аргасыз болгондугун маалымдады. Фрат элчиликтин ал кызматкерин апасы менен кошо айылдан чыгарып кеткен.

Элчи менен жергиликтүү эл жолукканда дипломат маселени тынчтык жолу менен, аксакалдар кеңеши менен жолугуп чечүү керектигин айтты.

Белгилей кетүүчү жагдай, 5-июнь – Орозо айт күнү эртең менен намаздан кайткан өспүрүмдөр мушташа кетишкен. Жабырлануучулардын биринин апасынын айтуусунда, анын уулу менен жээнине колунда таягы бар чоң балдар кол салышкан. Натыйжада алар каттуу токмоктолгондуктан, ооруканага жатып калышкан, учурда жабырлануучулардын абалы туруктуу. Бул факт  Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») менен катталды.

Окуядан кийин эркектердин эки тобу чогулуп, жүзгө жакын адам кырдаалды тактай башташкан. Чүй ОИИББнын маалыматы боюнча, чыр-чатактын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, бир чөп жыйналган жай өрттөлгөн.

Төмөнкү Орок айылына бир нече автобустар менен милиция кызматкерлери, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барган. Жергиликтүү эл таратылган соң 25-30 адам Сокулук РИИБне жеткирилген.

Түнкүсүн айылдын жолу жабылып, аймакты милиция кайтарууга алган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз