Түрк мамлекеттеринин жетекчилери Түрк Мамлекеттер Уюмунун 10-саммитине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарында чогулууда.
2-3-ноябрь күндөрү Казакстандын борбор шаары Астанада «Түрк доору» деген темада уюштурулуп жаткан саммитке Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан сыяктуу уюмга мүчө өлкөлөр менен катар уюмга байкоочу катары Түкмөнстан, Венгря, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жетекчилери катышат.
Уюмдун кезектеги төрагалыгы Өзбекстандан Казакстанга өтө турган саммитте лидерлер, уюмдун карамагында кызматташтыкты дагы да арттыруу аракеттерин талкуулашат.
Лидерлер актуалдуу глобалдык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмаша турган 3-ноябрдагы отурумдан соң лидерлер эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшөт.
