Четверг, 30 апреля

2024-жылы ажыга баруучу кыргызстандыктарга 6 миң орун бөлүндү

0

Сауд Аравиясы 2024-жылы ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 6 миң 60 орун бөлдү.

Муфтияттан кабарлашкандай, мындай чечим ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин Атабаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукуновдун Сауд Аравия Падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Тараптар 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу, жаңы талаптар, мыйзамдар жана эрежелер боюнча пикир алышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз