Четверг, 23 апреля

Израиль-Палестина чатагы: АКШнын атомдук кемеси да келди

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Аскер-деңиз күчтөрү, «Ohio» тибиндеги атомдук суу астында жүрүүчү кеменин Жакынкы Чыгышка жеткенин кабарлады.

АКШнын Борбордук командирлиги (CENTCOM) социалдык медиадан жарыялаган билдирүүсүндө: «2023-жылдын 5-ноябрында «Ohio» тибиндеги атомдук суу астында жүрүүчү кеме АКШнын Борбордук командирлигинин жооптуу аянтына жетти»,-деп айтылды.

Хамастын куралдуу канаты Кассам бригадаларынын 7-октябрда эртең менен баштаган кеңири чабуулунан бери АКШ аймакка эки учак конуучу кемесин жөнөттү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз