Суббота, 18 апреля

Ошто арзан көмүр сатыла баштады (Даректер)

0

Ош шаарында көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү.

Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

  • «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;
  • «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);
  • «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.

Белгилей кетсек, аталган пункттарды Ош шаарынын мэриясы «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте уюштурган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз