Воскресенье, 28 апреля

Төкмөлөрдүн айтышы өтөт. Тандоолорго кирүү акысыз

0

Төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара президенттин “Улуттук нарк жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында жана Кыргыз ССРнин эл артисти, төкмө акын Калык Акы уулунун 140 жылдык мааракесине арналган.

Айтыштын тандоо туру 15-ноябрда К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук косерваториясында өтөт. Башталышы саат 10:00. Кирүү акысыз.

Жарым финалдык жана финалдык айтыштар 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 18:00дө башталат. Билет баасы 500 сом.

Сынактын байге фонду 1 млн сомду түзөт. Суроолор боюнча байланыш номери: 0709665202

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз