Воскресенье, 28 апреля

Ажылыкка каттоо башталды (Шарттары)

0

Кыргызстанда ажылыкка каттоо башталды, деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

2024-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин жүргүзүлөт.

Жаңы талапкерлер «РСК Банк» банкына баштапкы 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, каалаган аймактык операторлорго КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга 2 миң доллардын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт.

Муфтияттан эгерде 20-ноябрга чейин орундар толуп калса, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотуларын эскертишти.

Ал эми 2023-жылы «РСК Банкына» 1000 доллар төлөп, ажылык базада кезекте турган талапкерлер 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин калган 1000 долларды төлөп, 2000 долларга толуктоосу зарыл. Эгер талапкер толуктай албай калса, ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарылат.

Төлөмдү толуктаган талапкерлер КМДБнын түзүмүндөгү тиешелүү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн толуктоочу 1000 доллар квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды (перечень документов) тапшырууга милдеттүү.

Белгилей кетсек, 2024-жылы Кыргызстанга ажылыкка баруучулар үчүн 6600 квота бөлүнгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз