Президент Садыр Жапаровдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилей кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мурдагы мэри. Ал 2022-жылдын 24-февралынан, 2023-жылдын 31-октябрына чейин мэрлик кызматты аркалады. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп дайындалды.