Түрк академиясына караштуу Түрк дүйнөсүнүн археологиялык изилдөө институттары жана борборлорунун ассоциациясы (ARICA) түзүлдү.
9-10-ноябрь күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) катчылыгынын колдоосу менен Түрк дүйнөсүнүн археологиялык институттарынын жана борборлорунун жетекчилеринин биринчи жумушчу жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага Түрк академиясынын төрагасы Шахин Мустафаев, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Орусияга караштуу Татарстан Республикасы, Өзбекстандын Каракалпакстан Республикасы жана Монголиядан археологиялык изилдөө институттарынын жана борборлорунун жогорку жетекчилери, археологдор жана эксперттер катышты.
Жыйындын ачылыш сөзүндө Түрк академиясынын төрагасы Мустафаев, Түрк өлкөлөрүндөгү археологиялык изилдөөлөрдү координациялоо жана учурдагы көйгөйлөрдү биргелешип чечүү үчүн Түрк дүйнөсүнүн археологиялык институттары менен борборлорун бириктирген түзүмдү түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жыйында Түрк мамлекеттери менен коомчулуктарынын ортосундагы археология тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулаган катышуучулар, археологиялык изилдөө институттары менен борборлору тармак түзө ала турган, маалымат бөлүшө ала турган жана биргелешкен изилдөө жана иш-чараларды жүргүзө ала турган платформа түзүүнү макулдашты.
Катышуучулар Түрк академиясынын карамагында Түрк дүйнөсүнүн археологиялык изилдөө институттары жана борборлорунун ассоциациясынын түзүлүүсүнө байланыштуу протоколго кол коюшту.
Ошондой эле жыйындын алкагында Татарстан Республикасынын Илимдер академиясы тарабынан даярдалган «Волга-Урал аймагынын археологиясы» аттуу 7 томдук эмгеги тааныштырылды.