Суббота, 27 июля

Кытайда ири өрт чыкты

0

Кытайдын Шанси провинциясындагы имаратта чыккан өрттөн 26 адам каза болду.

Синьхуа агенттигинин маалыматына караганда, Лулян шаарында жайгашкан имараттагы өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00де чыкты.

Себеби азырынча белгисиз өрттөн 26 адам каза тапты.

Көмүр казган компанияга таандык экени айтылган имараттан эвакуацияланган 70 кишинин 63ү ооруканага жаткырылды. Бул адамдардын 38инин жаракат алганы кабарланды.

Бир тараптан жетекчилер 4 кабаттуу имараттагы өрттүн көзөмөлгө алынганын жана издөө-куткаруу иштеринин аяктаганын билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз