Пятница, 18 октября

Орусия Украинага чабуулун күчөттү

0

Украинада Чернигов, Сумы, Харьков, Луганск, Донецк, Запарожье, Херсон жана Николаевск облустарынын 150дөн ашуун айыл-кыштагы Орусиянын артиллериялык чабуулуна кабылды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына ылайык, эки тараптын ортосунда 71 куралдуу кармаш болгонун  билдирди.

Билдирүүдө «Орусиянын террористтик чабуулдарынан бейкүнөө элдин арасында өлгөндөр жана жарадар болгондор бар. Менчик үйлөр, жарандык жайлар жабыркады» — деп айтылат.

Лиман багытында орус армясы чабуул койсо, украин жоокерлери Бахмут багытында алардын мизин кайтарган. Украин армиясы Бахмуттун түштүгүндө контрчабуулун улантууда.

Орус армиясы Авдеевканы курчоого алууга аракеттенип, украиндер коргонууну кармап турганы Украинанын куралдуу күчтөрүнүн билдирүүсүндө белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз