Суббота, 19 октября

Түрк бийлиги Газадагы бейтаптарды Анкарада дарылоодо

0

Газадан алып келинген 61 бейтап жана 49 коштоочусу менен Эл Ариштен абага көтөрүлгөн Улуттук коргоо министрлигине таандык учак борбор шаар Анкарадагы Этимесгут аскердик аэропортуна конду.

Өткөн жумада Газадан 27 бейтап жана 13 коштоочусу Президенттик жана Улуттук Коргоо министрлигине таандык учактар ​​менен Түркияга алынып келинип, бейтаптар Билкент шаардык ооруканасында дарыланды.

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Газадан 61 бейтап менен 49 коштоочунун борбор шаар Анкарага алып келинүүнүн пландалганын айтты.

Министр Кожа социалдык медиа эсебинен бүгүн кечинде Газадан Египетке дагы 61 бейтап жана 49 коштоочусунун жеткирилгенин жарыялап:«Эль-Ариштеги ооруканада түнөй турган бейтаптардын эртең менен учак менен Анкарага алып келиниши пландалууда, Газадан келген ар бир бейтаптын дарылануусу боордошторубузга жана адамзаттын жараланган абийирине карата милдетибиз», — деди.

Улуттук коргоо министрлиги да Саламаттыкты сактоо министрлигинин талабы боюнча Түркияда дарылана турган Газалык бейтаптарды эвакуациялоо үчүн Аскердик аба күчтөрүнө таандык A400M учагынын дайындалганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Саламаттык сактоо министрлигинин талабы боюнча Түркияда дарылана турган 109 газалык боордошубузду эвакуациялоо үчүн Аба күчтөрүбүзгө таандык A400M учагы дайындалды. Кайсериден көтөрүлүп Египетке кеткен учакта 10 кишилик саламаттык сактоо кызматкерлери да бар», — делди.

Өткөн жумада Газадан чыгарылган кээ бир рак оорулуулары жана алардын шериктери Түркияга алынып келинип дарыланышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз