Суббота, 19 октября

Израиль жарандарына курал-жарак таратууда

0

Израилде жаңы курал лицензиясын алуу үчүн кайрылгандардын саны 200 миңден ашты.

Баш калаа Тель-Авивдин көчөлөрүндө көптөгөн жарандар узун стволдуу куралдар менен басып жүрүшөт. Оккупацияланган Кудстун батыш бөлүгүндө да ушундай көрүнүштөр бар.

Израиль бир тараптан «Хамас Газадагы Шифа ооруканасын штаб катары колдонууда» сыяктуу жалган сөздөр менен ырайымсыздыгына шылтоо таап, экинчи тараптан өз жарандарын куралдандырып жатат.

Куралданган баскынчы жөөттөр палестиналыктардын үйлөрүнө, талааларына жана жумуш орундарына кол салышууда.

Көбөйгөн куралдануу жана кол салуулар палестиналыктардын өмүрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө.

Израиль тарабынан куралдандырылган жарандардын бутасында бейкүнөө палестиналыктар бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз