Вторник, 22 октября

Зеленский: Орус флотун Кара деңиздин олуттуу бөлүгүнөн сүрүп чыгардык

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөсүнө берилген  ар бир абадан коргоо системасы адамдардын өмүрүн куткаргандыгын белгиледи.

Зеленский Х социалдык медиадагы  билдирүүсүндө абадан коргоо системаларынын Украинанын коопсуздугуна салынган стратегиялык инвестиция экендигин айтты.

Владимир Зеленский: «2024-жылы Украина аба аянты Орусия үчүн жабыла турган жыл болушу керек. Украинага берилген ар бир коргонуу системасы адам өмүрүн куткарууда», — деди.

Аба калканы менен Украинага дагы көп качкындын кайта тургандыгын жана ушундайча экономикалык өнүгүүнүн ылдамдай тургандыгын баса белгилеген Зеленский буларды айтты: «Экономикабыз дагы көп киреше таба турган болсо өлкө тышынан келе турган колдоого да муктаж болбойт. Күчтүү абадан коргоо системалары жана Кара деңиз аркылуу экспортко да чагылат. Кол салулардын кесепеттерин жоюу үчүн чыгашага муктаждык болбойт».

Зеленский 2022-жылы Орусиянын көзөмөлүнө өткөн украин жерлеринин жарымынан көбү кайтарылып алынганын эске салып: «Орус  флоту 2023-жылы Кара деңиздин олуттуу бөлүгүнөн чыгууга мажбур болду.  Орусия эми ракеталык жана учкучсуз учуучу аппараттар менен  чабуулдарды токтотот. Ушундайча  жеңишке жакындаган болобуз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз