Пятница, 20 сентября

Израиль менен Хамас туткундарын алмашууда

0

Израиль өкмөтү блокададагы Газа тилкесинде бүгүн бошотулушу күтүлгөн Израилдик туткундардын үчүнчү тобунун ысымдарын алганын жарыялады.

Израилдин «Yediot Ahronot» гезитинин жазганына караганда, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси бүгүн бошотула турган израилдик туткундардын тизмесин алды.

Тизмедеги ысымдардын үй-бүлөлөрүнө маалымат берилип, күч органдары тизмени текшергени маалым болду.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларда 4 күндүк гуманитардык тыныгуу жөнүндөгү макулдашуу 24-ноябрь жума күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө күчүнө кирди.

Келишимдин алкагында Израилдин түрмөлөрүндөгү 150 палестиналык Хамастын колундагы 50 израилдик туткундун ордуна бошотулат.

Буга чейин блокададагы Газа тилкесиндеги 26 израилдик аял жана балдар жана Израилдин түрмөлөрүндө кармалган 78 палестиналык аял жана балдар бошотулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз