Пятница, 20 сентября

Электросамокаттарга байланыштуу мыйзам долбоору даярдалды

0
Депутат электросамокат тармагын жөнгө салуу максатында мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга койду.
Эгер Жогорку Кеңештин  депутаты Марлен Маматалиев сунуштаган мыйзам долбоору күчүнө кирсе самокат, скейтборд, гироскутер, сигвей жана монодөңгөлөк тебүү эрежелерин бузгандарга 500 сом айып салынат. Эгер алты айдын ичинде экинчи ирет эреже бузганы катталса 2000 сомдук айыпка жыгылат.
Долбоорго ылайык техникалык талаптарга жооп бербеген (бузук же чала оңдолгон) электросамокаттарды ижарага берип, анын кесепетинен адамдар жаракат алса жеке жактарга 8 миң, юридикалык жактарга 13 миң сомдук жаза берилет.
Ички иштер министрлиги 2020-жылдан бери электросамокаттардан жабыркагандар боюнча 157 факт каттаган. Долбоордун маалыматтык негиздемесинде милицияга кайрылбагандарды кошкондо мындан да көп болору белгиленди. Себеби быйыл жыл башынан бери эле Бишкектеги ооруканаларга ушундай кырсыктардан жаракат алып 151 адам түшкөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз