Пятница, 22 ноября

Россия Венесуэлада аскердик база түзүүнү каалабайт

0

Россиянын президенти эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин суроолоруна жооп берди.  

Россия Венесуеланын аймагына аскерлерин киргизбейт жана аскердик база түзүүнү каалабайт. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Санк-Петербургда эл аралык маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушууда айтты.

«Биз атайын ал жакта эч нерсе, жөлөк болуучу аскердик база түзбөйбүз – эч качан мындай болгон эмес. Бирок биз ортодогу келишимдик милдеттерди аткарабыз жана биздин аскердик адистер муну ишке ашырышууда»,- деди россиялык лидер.

Мындан тышкары Россиянын президенти көңүлдү Венесуеланын ишине аскердик кийлигишүүгө жол бербөө керектигине бурду.

«Ал тургай АКШнын союздаштары да Венесуеланын ишине аскердик кийлигишүүнү колдошпойт. Биз такыр эле башка өлкөлөрдүн иштерине аскердик кийлигишүүгө каршыбыз. Бул өтө оор, балким трагедиялуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн», — деди Путин.

Анын айтуусунда, Ливия жана Ирактын мисалдары сырткы аскердик кийлигишүүнүн терс кесепеттерин далилдейт. «Белгилүү болгондой, жакшы каалоолор менен тозокко жол салынып коюлган»,- деп кошумчалады Путин.

Мындан тышкары Путин АКШ менен Россиянын Иран тууралуу мамилеси далкелбегендигин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз