Израилдин ашкере оңчул улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир Газа тилкесин басып алууга чакырды.
Бен-Гвир X социалдык медиа платформасындагы билдирүүсүндө, Израилден Газага кол салууларын үзгүлтүксүз улантуусун талап кылды.
Газаны басып алууга чакырган Бен-Гвир: «Бардык күчүбүз менен Газаны талкалашыбыз, Хамасты жок кылышыбыз жана Газа тилкесине кайтуубуз керек», — деди.
Бен-Гвир Израиль менен Хамас ортосунда жетишилген жана 24-ноябрда күчүнө кирип бүгүн эртең менен аяктаган убактылуу ок атышпоого реакция кылган болчу.