Воскресенье, 22 сентября

Жол боюнда күйүүчү май саткандарга айып пул салынууда

0

Чүй облусунун аймагында жол жээгинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга катуу чара көрүлүп жатканын Чүй ОИИБ ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, жол инспекторлору жол жээгине туруп алып күйүүчү май саткандарды текшерип, жыйынтыгында Укук бузуу кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 15 жаранга 3 000 сомдон айып салган. Ушул эле кодекстин 195-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, бир жаранга 17 500 сом айып пул чегерилген. Мындан тышкары, 2 500 тонна күйүүчү май алынып, Салык кызматына өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Жол жээгин иретке келтирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз