Понедельник, 23 сентября

Президент Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президентин кабыл алды

0

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти Эрсин Татарды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.

Анын маалыматына караганда, Эрсин Татар Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университети тарабынан уюштурулган коференцияга катышуу үчүн өлкөгө жеке визит менен келген.

«Тараптар бейформал жагдайда сүйлөшүп, тамактанышты», — деп кошумчалады президенттин маалымат катчысы.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз