Понедельник, 23 сентября

Бишкекте дагы бир автобустун каттамы өзгөрдү

0

Бишкекте бүгүн, 6-декабрдан баштап №40 автобустук каттамдын кыймылынын схемасы өзгөрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми бул каттам Военно-Антоновка айылынан («РИОМ» автобазары) — Новопокровка айылына чейин жүрөт.

«№40 автобустун каттамы узартылды. Эми автобус Военно-Антоновка айылындагы унаа базарынан чыгып, Ден-Сяопин проспектисин бойлой, андан ары Фучик көчөсү менен, андан соң Жибек-Жолу проспектиси бойлой Новопокровка айылына чейин барат. Автобустун акыркы аялдамасы Кирпичная көчөсү болот. Жолдун узундугу 43 чакырымды, автобустардын аралыгы 10 мүнөттү түзөт. Линияга 22 автобус чыгат», — деп белгилешти мэриядан.

Белгилей кетсек, каттамды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз